SerepTV Logo

Жалал-Абадда 14 жаштагы кыз көз жумду

Жалал-Абадда 14 жаштагы кыз көз жумду
Жалал-Абадда окуучу кыз көз жумду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, 14 жаштагы кыз белгисиз себептерден улам дары ичип, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Ал 12 күндөн кийин көз жумган. "29-сентябрда Жалал-Абад облустук оорукананын дарыгери милициянын нөөмөт бөлүмүнө чалып, ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын 2007-жылы туулган тургуну белгисиз себептерден улам дары ичип алып, анын кесепетинен жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганы айтылган. Бул факты катталып, териштирүү иштери башталган", - деп айтылат маалыматта. Ал эми жергиликтүү ЖМКлар ал апасынын кант диабетине каршы дарыларын ичкенин, апасына таарынып жүргөнүн жазып чыгышты.