SerepTV Logo

Жалал-Абадда 12 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү (сүрөт)

Жалал-Абадда 12 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү (сүрөт)
Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2021” операциясынын алкагында «Кара-Куурай» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Анын алкагында, ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Жалал-Абад ОИИБдин шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынууда. Мындай иш-чаралар Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул РИИБдери тарабынан өткөрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көмөктөшкөн. Жалпысынан 8 гектардан ашуун жерде өскөн 12 тоннадай жапайы кара кара куурай жок кылынды. Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="63061,63062,63063,63064"]