SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

Жалал-Абад шаарында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, 19-майдан 1-сентябрга чейин шаар аймагында салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Маалыматка караганда, чектөө абанын температурасы +28 градустан жогору болгон мезгилдерде, саат 10:00дөн 20:00гө чейин киргизилет. Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт: - гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга; - Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу, - оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган техникаларга.
edita