SerepTV Logo

Жалал-Абадда Нооруз майрамы кандай белгиленди? (сүрөт)

Жалал-Абадда Нооруз майрамы кандай белгиленди? (сүрөт)
Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришет. Маалыматка ылайык, аба ырайына байланыштуу пландалган иш-чаранын расмий жана концерттик бөлүгү борбордук аянтта эмес, Барпы театрында өткөрүлдү. Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты. Мэр жалпы шаардыктарды жана конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, бул күндүн маанисине токтолду. Ошондой эле иш-чарада сахналаштырылган көрүнүш аркылуу алас айтуу жөрөлгөсү, сүмөлөктүн тарыхы чагылдырылды. Андан соң Арзыбек Бедияров, Бек Борбиев, Айпери Кулбаева, Гүлзина Мамаева чыгармаларын тартуулашты. Майрам бийчилердин кыргыз улуттук бийлери, башка улуттардын ыр-бийлери менен да коштолду. Ага улай Эркиндик аянтында, театрдын ичинде улуттук кол өнөрчүлүк, тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулду. [gallery columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="29066,29067,29068,29069,29070"]  
Unknown Author