SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү уланууда

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү уланууда
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан Горький көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан маалымдашты. Учурда Горький көчөсүн кеңейтүү иши жүрүп жатат. Алдыда жергиликтүү бюджеттен жаңыдан асфальт төшөлүп, тротуар куруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жасалат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="273891"]