SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарында күндүзгү станционарларды ачуу пландалууда

Жалал-Абад шаарында күндүзгү станционарларды ачуу пландалууда
Жалал-Абад облусунда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны артууда. Учурда облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү 65 орун дээрлик толуп, дагы келе турган бейтаптар үчүн орундарды даярдоо зарылчылыгы жаралууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалым болгондой, мындагы маселелер облустук штабдын жыйынында талкууланды. “Буга чейин жыл башынан тарта бейтаптар облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулуулар бөлүмүндө кабыл алынып келген. Учурда 65 орунга ылайыкташкан бөлүмдө 61 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен 8и өтө оор абалда болсо, 35и кычкылтек концентратордун жардамында дем алууда. Дагы 348 адам үй шартында дарыланып жатат”, - деп айтылат билдирүүдө. Акыркы учурда оору жугузгандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу Ноокен жана Аксы аймактык ооруканаларындагы жугуштуу ооруулар бөлүмдөрү ачылды. Анда Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу шаарларынын тургундары үчүн Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал району, Таш-Көмүр шаарлары үчүн Аксы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү ишке кирип, бейтаптар дарыланууда. Алдыда Сузак районунда да кабыл алуулар башталып, Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационарлар ачылат. Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков тийиштүү кызматтарга жергиликтүү бийлик менен бирге чектөөлөрдү кабыл алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейддерди күчөтүү тапшырмасын берип, коомдук транспорттордогу жүргүнчүлөрдүн санын кыскартуу, санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55410,55411,55412"]
Unknown Author