Жалал-Абад шаарында электромобилдер такси кызматын көрсөтө баштады
Бүгүн, 26-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен калаада экотакси кызматы иштеп баштады. Ал үчүн 30 даана электр унаалары сатып алынып, 10 даана электр унааларын кубаттоочу жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Электр унааларын кубаттоочу жайлардын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, экологиялык маселелерди чечүүгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду шаар бийлиги ар дайым колдой тургандыгын белгиледи.
Жалал-Абад шаарынын мэриясы 10 даана электр кубаттагычты орнотуу үчүн муниципалдык жер тилке бөлүп берген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="292736,292737,292738,292739,292740"]