Жалал-Абад шаарынан Баткенге 1 миллион сомдук жардам жөнөтүлдү (сүрөт)
Жалал-Абад шаарынан Баткенге эки күн ичинде 1 миллион сомдук жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаардык мэриянын ыкчам штабы уюштуруу иштерин колго алып, элден гумжардам чогулткан.
"Жалпы 1 миллион сомдук азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн буюмдар, жууркан-төшөк жеткирилди. Мындан тышкары Жалал-Абад мэриясында акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн кутуча ачылган. Учурда кутучага 260 миң сом акча каражаты топтолду",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="43131,43132,43133,43134,43135,43136"]