SerepTV Logo

Жалал-Абад ОИИБге жаңы жетекчи дайындалды

Жалал-Абад ОИИБге жаңы жетекчи дайындалды
"Бүгүн, 19-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган Ашим Тагаев өздүк курамга тааныштырылды",- деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан. Аны министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков тааныштырган. Жалал-Абад облусунда 12 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү, 1 миллион 200 миңден ашуун жашоочу бар.
edita