SerepTV Logo

Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал күтүлөт
Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. “ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”, - деп жазылат маалыматта.