Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза "Синофарм" вакцинасы алып келинет
Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза "Синофарм" вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, республикалык бюджеттин эсебинен 1 миллион 100 миң доза сатып алынган, 150 миңин Кытай тарап бекер берген. Ушул эле өлчөмдө ушул эле вакцинанын кошумча партиясын сатып алуу маселеси дагы иштелип жатат.
Планга ылайык, калктын 70 пайызын, же жарандардын артыкчылыктуу топторун камтыган 2 миллион 187 миң 417 адамды эмдөө керек.