SerepTV Logo

Жакында “Манас” аэропортундагы унаа токтотуучу жайда 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат

Жакында “Манас” аэропортундагы унаа токтотуучу жайда 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат
20-июлдан тарта “Манас” аэропортундагы унаа токтотуучу жайда 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалымат боюнча, автоматташтырылган унаа токтотуучу системасы бар аэробекеттик унаа токтотуучу жай аутсорсингге берилген жана келишимдин эрежелерине ылайык тарифтер аутсорсинг компаниясы тарабынан белгиленет. “Манас” эл аралык аэропорту баа саясатына жана бааны түзүүгө таасир эте албайт. Ижарага алган компаниянын маалыматына ылайык, учурда тарифтер мурдагы баа боюнча калган – 1 сааты/ 60 сом, алгачкы 15 мүнөт бекер жана 1 суткага/360 сомду түзөт. Ал эми 2021-жылдын 20-июлунан тартып 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат. "Манас" аэропорту жүргүнчүлөрүн жана конокторун аэробекеттеги жолдун ары жагында бардыгы үчүн бекер унаа токтотуучу жай бар экендиги тууралуу маалымдайт. “Ошондой эле унаа токтотуучу зона бар, анын баасы – 1 саатына/40 сом жана 1 суткага/200 сомду түзөт”, - деп айтылат билдирүүдө.
Unknown Author