Кытайдан "Sinopharm" вакцинасынын экинчи партиясы 20-июнда келиши мүмкүн
Кытайдын "Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd" компаниясы тарабынан өндүрүлгөн "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга болжол менен 20-июнга чейин алынып келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүга чейин берилген маалымат боюнча, Кытай тарап 150 миң доза вакцинаны гуманитардык жардам катары бере турганын билдирип, бирок дарыны алып келүү иши кыргыз тарапка жүктөлгөн. “Жеткирүү үчүн чартердик каттам уюштурулат. Болжол менен вакцина 20-июнга чейин алынып келет”, - деп айтылат билдирүүдө.
19-мартта Республикалык иммунопрофилактикалык борбору «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозадан турган биринчи партиясын алган. 25-майда Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова гуманитардык жардам катары кайтарымсыз негизде кытай вакцинасынын дагы 150 миң дозасы келерин айткан.