Жакында Екатеринбург - Тамчы сезондук каттамы ишке кирет
Жайкысын Екатеринбург - Тамчы сезондук каттамы ишке кирмей болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Мындай макулдашууга кыргыз тарап менен "Урал аба линиялары" авиакомпаниясы жетишкен.
"Алдын-ала түзүлгөн макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы туристтик алмашуу үчүн шарттарды түзүү, жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына дагы аба каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашуу жетишилди", - дешти мекемеден.
Жакынкы аралыкта Екатеринбургдан Тамчыга биринчи каттамды жасоо пландалууда.