SerepTV Logo

Жаан, кар жаайт. 14-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Жаан, кар жаайт. 14-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 14-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда катуу жаан-чачын болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3; Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -3…+2; Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6,  күндүз +2…+7; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +2…+7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз -1…+1 градус болот.
edita