SerepTV Logo

Июнь айында жер-жемиш менен жашылчалардын баасы 16,4 пайызга кымбаттаган

Июнь айында жер-жемиш менен жашылчалардын баасы 16,4 пайызга кымбаттаган

Июнь айында май айына салыштырмалуу жалпы республика боюнча жер-жемиш менен жашылчалардын баасы 16,4 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Ошол эле учурда, жашылчалардын баасы 19,5 пайызга, мөмө-жемиштер 6,4 пайызга көтөрүлгөн.

Баанын эң жогорку өсүшү сабизге - 1,6 эсе, картошкага - 36,3 пайыз, өрүккө - 2,2 эсеге жана алмага - 15,4 пайыз байкалган.

Бишкекте картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн ашты (58,44 сом). Сабиз үчүн эң жогорку баа Баткен (77,4 сом) жана Нарын (75,46 сом) облустарында жана Бишкек шаарында (75,09 сом) катталган.