SerepTV Logo

Июнь айында бензин дагы 2 сомго кымбатташы мүмкүн

Июнь айында бензин дагы 2 сомго кымбатташы мүмкүн
Кыргызстанда июнь айында мунай продуктуларынын бир литри орточо эсеп менен 4 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Буга дүйнөлүк рынокто нефть азыктарына болгон баанын көтөрүлүп жатканы себеп болууда. Мисалы, 1-июнда Brent үлгүсүндөгү нефтинин бир баррели 69,46 доллардан сатылды. Орусиянын мунай базарында да дүң наркы өсүп жатканы байкалууда. "Жогорку себептерди эске алганда июнь айында кара майдын баасы төрт пайызга кымбатташы күтүлүп жатат. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баанын кескин өсүшүнө жол бербөөгө ниеттенип жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.