Ишембиликте бишкектиктер 48 тонна таштанды чогултту
Дем алыш күндөрү бишкектиктер шаарды салттуу тазалоо иштерине чыгышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.
Шаардык ишембиликке 6 миңден ашуун адам катышты, алардын арасында шаар тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбалык субъектилер бар. 48 тонна таштанды чогултулуп, "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан 30 бирдик атайын техниканы тартуу менен чыгарылды.