SerepTV Logo

Иракта жүргөн кыргыз жарандарынын 79 баласы кайтарылды (сүрөт)

Иракта жүргөн кыргыз жарандарынын 79 баласы кайтарылды (сүрөт)
 Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында бүгүн, 16-мартта өлкөгө Ирактан атайын борт учуп келди. Белгилеп кетчү нерсе, балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылды. Мекенине кайтарылган балдарга өкмөт тарабынан ар тараптуу жардам берилет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле өкмө балдарды репатриациялоо процессин уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн Ирак Республикасынын өкмөтүнө, балдарды куткаруу жана мекенине кайтаруу боюнча гуманитардык миссияны жүзөгө ашырууга көрсөткөн зор колдоосу жана кызматташуусу үчүн БУУнун Балдар фондунун Бишкектеги жана Багдаддагы өкүлчүлүктөрүнө, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгын билдирет.  
Unknown Author