SerepTV Logo

IOI-2025: Кыргызстандын окуучулары эки коло медалга ээ болушту

IOI-2025: Кыргызстандын окуучулары эки коло медалга ээ болушту
27-июлдан 3-августка чейин Боливиянын Сукре шаарында өткөн XXXVII Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Бул олимпиадага 84 өлкөдөн 330 окуучу, анын ичинде Кыргызстандан 3 окуучу катышты. Коло медалга "Сейтек STEM" мектебинин 11-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков менен Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Абдуллахан Абдирасулов ээ болду. Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Али Арапов Ардак грамота менен сыйланды. Окуучуларды даярдаган тренерлер:
⚪ Кылычбек Урайымов
⚪ Айдар Мундузбаев
⚪ Тенгиз Беккойонов Жалпы командалык орточо упай боюнча Кыргызстан 33-орунду ээлеп, өзүнүн билим деңгээлин дүйнөлүк деңгээлде тастыктады.
info