SerepTV Logo

Интернет айдыңында Лазат Нуркожоеванын сөйкө салуу жөрөлгөсүнөн видео тарады

Интернет айдыңында Лазат Нуркожоеванын сөйкө салуу жөрөлгөсүнөн видео тарады
Интернет айдыңында президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын сөйкө салуу жөрөлгөсүнөн видео тарады. Айрым жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, кечээ, 15-февралда кыз узатуу болуп өтсө, 21-февралда үлпөт той болоорун жазышууда. Видеодон Лазаттын жолдошу спортчу Амантур Исмаилов экенин көрүүгө болот. Ал 2018-2021-жылдары  Азия чемпионатынан коло байге уткан. 2022-жылы Дүйнө чемпионатында да коло медаль тагынган. Былтыр Олимпиадага катышып, 5-орунду алган.