Интернационал аймактык ооруканасы тарапка Тажик тараптан ок атылган. Учурда абал туруктуу (сүрөт)
Октон жабыркагандар катталган эмес. Учурда тийиштүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.
"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, анын жүрүшүндө тажик тарап Интернационал айылы менен чек арада жайгашкан өздүк курамдын куралдарын текшере турганын жарыялашты. Саат 17:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тажик тарап ок -дарыларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Тажикстандын чек арачылары курал колдонгон эмес деп жарыялады. Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара өкүлү кокусунан ок атылышы мүмкүн экенин айтты. Жолугушуунун катышуучулары окуя боюнча тараптардын ар бири өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү чечишти. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68038,68039"]