SerepTV Logo

Instagram жаңы функция сунуштайт

Instagram жаңы функция сунуштайт
Instagram социалдык түйүнүндө жаңы функция пайда болот. Эми баракчадан жаңы өчүрүлгөн билдирүүлөрдү жана stories бөлүмүндөгү жаңы өчүрүлгөн сүрөттөр менен видеолорду кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Сервистин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул функция бүгүн ишке кирет. Мындай мүмкүнчүлүктү колдонуучулар буга чейин сурап келген. Эми stories бөлүмүндөгү өчүрүлгөн маалыматтарды сутканын ичинде, ал эми баракчага жарыяланган маалыматтарды 30 күн ичинде кайрадан калыбына келтирсе болот. Ошондой эле «өчүрүү» функциясы колдонулуп жатканда, кошумча тастыктоо талап кылынат. Муну менен коргоо чараларын күчөтүүнү көздөшкөн.
edita