SerepTV Logo

Индия Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина берүүдөн баш тартты

Индия Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина берүүдөн баш тартты
Индия Кыргызстанга "AstraZeneca" вакцинасын берүүдөн баш тартты. Учурда Түштүк Кореядан коронавируска каршы вакцина келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты. Маалымат боюнча, "AstraZeneca" вакцинасы Индиядан бир ай мурда келиш керек болчу. Тилекке каршы вакцина берүүдөн аталган өлкө баш тартып койду. Учурда Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок аталган өлкөдөн вакцина кайсы күнү келери азырынча белгисиз. Ошондой эле министрликтен 1-сентябрга чейин бир миллион адамды эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалашты. Анткен менен кайсы вакцинага эмдөө жүрөрү айтыла элек.
Unknown Author