SerepTV Logo

Инаугурацияга чейин Бишкектеги айрым көчөлөрдүн жол кыймылына чектөө киргизилет

Инаугурацияга чейин Бишкектеги айрым көчөлөрдүн жол кыймылына чектөө киргизилет
Бишкек шаарында Манас жана Чүй проспектилери президенттик инаугурацияга даярдык көрүү үчүн убак-убагы менен жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жолдун резиденциядан Ак үйгө чейинки бөлүгүндөгү жол кыймылына 2-3 күн чектөө коюлат. Чектөө алдында милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарына алдын-ала маалымат берип турат. Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январь күнү Улуттук филармонияда саат 10:00дө башталат.
edita