SerepTV Logo

"Империя пиццы" тамактануучу жайындагы ууланууга балык себеп болгон

"Империя пиццы" тамактануучу жайындагы ууланууга балык себеп болгон

Алдын ала маалыматтарга караганда, "Империя пиццы" тамактануучу жайындагы массалык ууланууга балык себеп болгон. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. 

«Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, бардыгын текшеришти. Ууланууга балык себеп болгон. Кафенин жетекчилиги жеткирүүчүлөр менен иш алып барат, ал эми Япон ашканасы азырынча менюда жок», - деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетсе, 27-октябрда ооруканага кайрылгандар 253 адамды түздү. 28-октябрда 318 адамдын ооруканаларга кайрылганы маалым болгон.