SerepTV Logo

"Ижарага алынган батирде жашашчу". Жалал-Абадда үч эм төрөгөн келин батирлүү болду

"Ижарага алынган батирде жашашчу". Жалал-Абадда үч эм төрөгөн келин батирлүү болду

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырган. Үч эмге турак-жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1миллион 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бир уул, эки кыздан турган үч эмди жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен ижарада, бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген. 31-мартта Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова 3 эм төрөгөн.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="78320,78321,78322,78323"]