SerepTV Logo

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев көз жумду

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев көз жумду
Милициянын полковниги Исмайил Сагыналиев күтүүсүз жерден каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Исмайил Сагыналиев 1979-жылдын 9-январында туулган. Ички иштер органдарында өз ишин 2003-жылдан баштап Бишкек ШИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын полкунун милиционери кызматынан баштаган. Андан ары ар кандай бөлүмдөрдүн ыкчам кызматтарынын жетекчилик курамында иштеген. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалган.