SerepTV Logo

ИИМдин Ички аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатылды

ИИМдин Ички аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин токтомуна кол койду, ага ылайык, 1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатылды. Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынган. 2014-жылдын 12-мартында Ички аскерлер Ички иштер министрлигинин карамагынан Улуттук гвардияга өткөрүлүп берилген. 2018-жылы аскерлер кайра ИИМге өткөрүлгөн.