ИИМдин алдындагы митинг: "Уят! Позор! Министр отставкага кетсин!"
Учурда Бишкек шаарындагы ИИМдин имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Митингге чогулгандар "Уят! Позор! ИИМдин башчысы отставкага кетсин!" деп кыйкырып жатышат. Алар мындан тышкары "Милициянын бир кызматкери жумуштан кетет. Эмне үчүн ИИМдин башчысы кызматтан алынбайт?" деп нааразы болушууда.
Кечээ, 7-апрелде соцтармакта жарандык активисттер ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Ички иштер министринин отставкасын талап кылышып, ИИМдин алдына митингге чыгууну пландашкан. Митинг бүгүн саат 12:00дө башталган.