ИИМ: "Инандыны издөө боюнча иштер азырынча тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык ачыкталбайт"
Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республикасынын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган. Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт.