SerepTV Logo

ИИМ табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбөөгө чакырат

ИИМ табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбөөгө чакырат
Табыптарга, көзү ачыктар жана төлгөөчүлөр адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. "Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты сиздин ден-соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз. Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өздөрүнүн тузагына илишет",- деп айтылат маалыматта. Ички иштер министрлиги сиз же сиздин досторуңуздун ден-соолугунда көйгөйлөр жаралса, медициналык мекемелерге кайрылууну сунуштайт. "Эгер сиз жагымсыз жагдайга туш болуп калсаңыз, анда бул жөнүндө ишенген жакындарыңызга, досторуңузга же атайын психологго айтып бериңиз. Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз же кылмышка күбө болсоңуз, дароо милицияга 102 телефону менен байланышыңыз",- деп айтылат маалыматта.