ИИМ Орхан Инандыны издөө боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чараларынын хронологиясын жарыялады
1-июнда таңкы саат 4:20да Октябрь РИИБге 12-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын астынан эшиктери ачык Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу барып иликтөө жүргүзгөн учурда унаа “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга таандык экендиги аныкталып, анын уулу атасын таап берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Арыз ээсинин маалыматы боюнча Орхан Инанды жогорудагы унаа менен жүргөндүгүн жана акыркы жолу 31-май күнү саат 18:00дөр чамасында байланышка чыккандыгын маалымдаган. Жогорудагы факты Жазык кодексинин 170-беренеси боюнча (адам уурдоо) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМден, Бишкек ШИИБден, Чүй ОИИБден жана Октябрь РИИБден тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери менен издөө иш-чараларын жүргүзүп келишкен. УКМКнын Чек ара кызматына кайрылуу кат жөнөтүлүп, алардан Орхан Инанды чек арадан өтпөгөндүгү такталган.
"Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп келген. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүп, ага ички иштер органдарынын миңден ашык кызматкерлери тартылган. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы уюштурулган. Анын негизинде борбордук милиция кызматкерлери тарабынан 10 миң 434 объект, 3 миң 251 менчик жана 6 миң 336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынган.
"Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча иштердин жүрүшүндө милиция кандайдыр бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда териштирүү жана тактоо иштерин улантып жатат. ИИМдин кызматкерлери тарабынан Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш толугу менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө болгон. Учурда Орхан Инандынын кайда экендиги аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна багытталган жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө",- деп айтылат маалыматта.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.