SerepTV Logo

ИИМ коомчулуктан кечирим сурап, Жаныш Бакиевдин сүрөтүн тактадан алышты

ИИМ коомчулуктан кечирим сурап, Жаныш Бакиевдин сүрөтүн тактадан алышты
Кечээ, 11-ноябрда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилеринин стендин ачуу аземи өткөн. Имаратка илинген тактада мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү да илинген. ИИМ бул үчүн коомчулуктан кечирим сурап, сүрөттү тактадан алышты. "Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Жаныш Бакиевдин дагы портрети дагы кошулган. Бирок бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды", - деп айтылат маалыматта.