ИИМ жалган маалыматтарды таратпоого чакырды
Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактарда жарандар чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү тараткан учурлар көбөйүүдө. "Ар кандай маалыматтарды текшерүү зарыл, андан ары таратпай, коомду дүрбөлөңгө салбоону өтүнөбүз. Жалган маалыматтын жайылышын алдын алуу маанилүү. Биз жарандарды жалган жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Ички иштер министрлиги кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана интернетте жалган билдирүүлөрдү таратпоого чакырат. Мыйзамдарды билбөө жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.