SerepTV Logo

ИИМ: "Баткен облусунда абал туруктуу, түнкүсүн ок атышуу катталган жок"

ИИМ: "Баткен облусунда абал туруктуу, түнкүсүн ок атышуу катталган жок"
3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. "Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда абал тынч болуп, түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө. Милиция кызматкерлери коюлган блок посттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат",- деп айтылат маалыматта. Маалыматка караганда, куралдуу кагылышуу орун алган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан айылдарды министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милициянын кайгуул топтору менен кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүп жатат. Учурда ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күн-түн жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.