SerepTV Logo

ИИМ алдындагы митингге ырчы Кайрат Примбердиев да чыкты

ИИМ алдындагы митингге ырчы Кайрат Примбердиев да чыкты
ИИМ имаратынын алдында Айзада Канатбекованын өлүмүнө жол берген жооптуу кызматкерлердин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг уланып жатат. Чогулгандар Бурулайдын өлүмү сыяктуу Айзаданын өлүмү дагы унутта калып кетпеши керек деп эсептешет. "Бул маселе эртеби-кечпи ар бирибизге келет. Министр кызматтан кетиши керек. Ар бир жаранды коргоо милициянын түздөн-түз милдети. Керек учурда заматта табышат тийиштүү кишини. А эмнеге адамдын өмүрү коркунучта турганда 2 күн бою кайдыгер отурушат. Бул министрдин тикелей жоопкерчилиги», - деди Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы Кайрат Примбердиев. Эл алдына депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова чыгышты. «Милиция, тилекке каршы, кыздын уурдалышын "адам уурдоо" деп санабайт, аны салт деп санайт. Анткени биздин өлкөдө кыз - адам деп саналбайт. Министр элдин алдына чыгып жооп бериши керек»,- дейт Айсулуу Мамашова. 
Unknown Author