SerepTV Logo

ИИМ академиясында шар аккан сууга агып бараткан кызды куткаргандар сыйланды (сүрөт)

ИИМ академиясында шар аккан сууга агып бараткан кызды куткаргандар сыйланды (сүрөт)
Бүгүн, 17-июнь күнү Ички иштер министринин атынан ИИМ академиясынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев “Аламүдүн-1” кичирайонундагы каналда катуу ылдамдыкта аккан суудан агып бара жаткан кызды куткарышкан Бишкек шаарынын тургунуна, ИИМ академиясынын кызматкерине жана курсанттарына сыйлык тапшырды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, министрдин буйругу менен Залкарбек Сулайманов жана ИИМ академиясынын кызматкери, милициянын прапорщиги Мелис Осеков “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы, ал эми академиянын курсанттары Бекбол Молдосанов, Марсель Тынчтык уулу жана Байсеит Акматов “Ардак грамоталар” менен сыйланышты. 10-июнда Аламүдүн-1 кичи районунда 10 жаштагы өспүрүм кыз шар аккан сууга агып кеткен. Аны жолдон өтүп бара жаткан адам сактап калган эле. SUPERTV каналы ошол жигитти таап, окуя кандай орун алганын өз оозунан уккан. Бул шилтемени басып өтүп, видеону толугу менен көрө аласыз. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="56430,56432,56433,56434"]
Unknown Author