SerepTV Logo

"Идиш жууп". Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери Баткенде кызмат өтөп жатышат (сүрөт)

"Идиш жууп". Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери Баткенде кызмат өтөп жатышат (сүрөт)
Интернетте формачан милиция кызматкерлеринин идиш жууп жууп жатканда тартылган сүрөтү тарады. Бул сүрөттү Фейсбук колдонуучусу Азамат Бакиров жарыялады. "Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери Баткенде кызмат өтөшүүдө. Мындан тышкары жалпы кыргыз коомчулугу болгон жардамын аяган жок. Кыргыз элимден айланса болот",- деп жазды ал. Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Жалал-Абад ОИИБдин, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Баткен жергесинде кызмат өтөп жатканын маалымдаган эле.