SerepTV Logo

Ички иштер министрлиги шайлоочунун бет кабындагы белги боюнча жооп берди

Ички иштер министрлиги шайлоочунун бет кабындагы белги боюнча жооп берди
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов брифинг учурунда добуш берүүгө келген шайлоочунун бет кабындагы белги туурасында үн катты. “Добуш берүү башталгандан бери 15 маалымат түшкөн. Бишкектеги шайлоочунун бет кабы боюнча дагы маалымат түштү. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет”, - дейт Макилов. Бишкектеги №1117 шайлоо участогуна медициналык бет кап тагынган, ага белги басылган топ келгенин депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев жазып чыккан эле.
Unknown Author