SerepTV Logo

Ички иштер министри жаңжал болгон «Головной» аймагына дээрлик 2 аптадан кийин барды (сүрөт)

Ички иштер министри жаңжал болгон «Головной» аймагына дээрлик 2 аптадан кийин барды (сүрөт)
Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков 9-майда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Ал коомдук тартипти сактап жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолукту. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, тез арада курулушту аяктоо керектигин тапшырды. Андан соң Ниязбеков аталган айылдын аймагында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына барды. ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов абал тууралуу толук баяндама берди. Министр стратегиялык объектиге керектүү аскердик заманбап материалдык-техникалык жардамдар бериле тургандыгын айтты. Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Көк-Таш айылдарында жана «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында, Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Интернационал, Арка, Жаштык, Борбордук айылдарында жергиликтүү эл менен жана ушул жакта кызмат өтөп жатышкан милиция, ички аскерлердин аскер кызматчылары менен жолугушуулар болуп өттү. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="44938,44939,44940,44941,44942,44943"]