SerepTV Logo

Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр

Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр
Хорватия Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүүгө даяр. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өткөн жумада тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман менен жолугушуу өткөргөн. Анда эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган.  Тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери эки тараптуу кызматташуунун укуктук-келишимдик базасын кеңейтүү маселелерин сүйлөшкөн. Жолугушуулардын жыйынтыгында айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар саясаты, ошондой эле билим берүү жана илим жаатында өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоорлору тапшырылган. "Мындан тышкары, Хорватия тарап коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта. Билдирмеде кеп кайсы вакцина тууралуу болуп жатканы, алардын саны жана качан алып келинери айтылган эмес.