SerepTV Logo

Хирург Эрнст Акрамов 89 жашында көз жумду

Хирург Эрнст Акрамов 89 жашында көз жумду

Хирург Эрнст Хашимович Акрамов 89 жашында каза болду. Бул тууралуу Медициналык профсоюздун мүчөсү Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Ал 1936-жылы 24-июнда Фрунзеде туулган. Окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, СССР эл депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты, илим жана техника тармагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Эмгек жолун 1960-жылы Фрунзе шаарындагы 2-шаардык клиникалык ооруканада хирург болуп иштөөдөн баштаган.

1992-жылдан азыркы учурга чейин - Чүй облустук бириккен ооруканасынын жалпы жана реконструктивдүү хирургия бөлүмүнүн башчысы, Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы.