"Хижина Рацека" чокусунан түшүп келе жатып өзүн жаман сезген польшалык кызды куткаруучулар түшүрүштү
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жогору жагында 2002-жылы туулган Польша мамлекетинин жараны "Хижина Рацека" чокусунан түшүп келе жатып өзүн жаман сезип, абалы начарлаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине аталган паркта нөөмөттө турган ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 4 куткаруучусу тартылып, жогоруда аталган кыз кишиге биринчи медициналык жардам көргөзүп, республикалык инфекциялык ооруканасына дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="288085,288086,288087"]