SerepTV Logo

"Фея, Киара, Сүйүү, Ипып, Сталин, Рамос..." Ата-энелер баласына кандай өзгөчө ысым ыйгарууда?

"Фея, Киара, Сүйүү, Ипып, Сталин, Рамос..." Ата-энелер баласына кандай өзгөчө ысым ыйгарууда?
2021-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларга эң көп коюлган ысымдар Мухаммед жана Раяна болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Эркек балдардын арасында эң көп кездешүүчү 10 ысымдын ичине Умар, Рамазан, Али, Алихан, Алинур, Билал, Нурислам, Амир жана Эмир кирген. Ал эми кыздардын арсындагы көп кездешүүчү ысымдар -  Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке. Кыргызстандыктардын кыздарына популярдуу ысымды тандоодо артыкчылыгы 2016-жылдан бери дээрлик өзгөргөн эмес. Раяна ысымы бешинчи жыл катары менен алдыңкы орунда келе жатат. 6 жыл катары менен жаңы төрөлгөн эркек балдардын эң популярдуу ысымы Умар бул жылы бир орунга ылдый түштү. Мухаммед аттуу ысымы биринчи орунга ээ болуп, 1449 ата-эне ымыркайына Мухаммед деп ат коюшкан, бул Умардан 31ге көп. Кыргыз кыздарынын ата-энелеринин арасында адаттан тыш ысымдар популярдуу: Ханбийкалар, Меридиана, Фея, Киара жана Сүйүү, ал эми балдар үчүн Атилла, Ипып, Рамос, Сталин жана Хантеңирим. Кичинекей кыздардын арасында Ассмо, Хаял, Сюита, Айел, Джанай, Чүрөк, Айлуу, Таңсулуу, Акылчач жана Аймелек деген ысымдар азыраак кездешет. Кичинекей балдар Назым, Эркебулан, Аймин, Теңиз, Байрас, Кычан, Жалын, Бегим, Аяан, Улутман ысымдарын сейрек кездештирүүгө болот. Ушул жылдын 5 айында 52 миң 469 кичинекей кыргызстандыкка туулгандыгы боюнча каттоо жүргүзүлдү. 52 миң 541 жаранга бала төрөлгөндө бир жолку төлөм - "балага сүйүнчү" берилди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="50445,50446,50447"]