SerepTV Logo

“Хайп боло турган эч нерсе жок”. Блогер Талант Сагынбаев талкуу жараткан сүрөт тууралуу айтты

“Хайп боло турган эч нерсе жок”. Блогер Талант Сагынбаев талкуу жараткан сүрөт тууралуу айтты
Баткенде куралчан аскерлер менен түшкөн сүрөтү талкуу жараткан блогер Талант Сагынбаев бул тууралуу SUPERTV`га өз пикирин айтты. "Негизи бул сүрөттө хайп боло турган эч нерсе жок болчу. Биз жакшы эле ой менен элге дух берели, аскерлерге дем-күч берели деген максатта чыгарган элек. Тилекке каршы, ар кандай сөздөр менен башка жакка буруп салышты. Биз сүрөттү чыгаргандан кийин бир сутка турду. Аябай көп адамдар мактап, жакшы сөздөрүн жазып жатышкан. Бирок бизди көрө албаган адамдар көп экен, жумурткадан кыр издеп, болбогон нерсени айтышып, элге жаман көрсөтүштү. Элге жардам берели, элибиз кыйналды деп атайын Бишкектен согуш башталган күнү эле келип, жардам берип жүрсөк рахматы ушул болду. Бул нерсе менен мен эч нерсе болбойм, убакыт келет, Кудай алдында жооп беребиз! Кечээ бир ырчы кыз да ал сүрөттү чыгарыптыр. "Эмнеге чыгардыңыз?" десем, "7-каналда иштеген бирөө суранган болчу, эмнелер жазылганын деле окубаптырмын" деп жооп берди. 7-каналга мен эмне жаман иш жасадым экен деп дагы деле ойлонуп жүрөм. Өзүмдүн жанымдан 100 миң сом чыгарып, элим кыйналбасын деп Баткенге келгенбиз, бүгүн 5-күн кетип жатат, дагы деле жардам берип жүрөбүз. Жардам бергенимди милдет кылбайм, бул биздин атуулдук парзыбыз! Болгону жамандап жаткандар билип койсун. Үйдө олтуруп алып, өзү кыла албайт, кылса көрө албаган адамдар жамандап жатышат. Аларга ийгилик гана каалайм, орозо айында ыйман берсин. Акча келет-кетет, мекенибиз тынч болбосо топтогон байлыгыбыз бир тыйын!" - деди ал.  
Unknown Author