Гүлшаркан Култаева БШКнын мүчөлүгүнөн кетүү боюнча арыз жазды
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаева кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, комитет анын арызын карайт.
19-февралда Жогорку Кеңеш Култаеваны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлаган. Култаева ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болчу.