Гүлжигит Аалиев: "Оорукана COVID-19 менен түшкөндөргө толуп калды деген маалымат туура эмес"
Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга толуп калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Сереп Медиага аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 менен түшкөн 280 адам бар. Алардын арасында төртөө 1ден 14 жашка чейинки балдар.
«Азыркы күндө оорукана дагы 120 адамды кабыл алууга даяр»,- дейт башкы дарыгер.
Буга чейин соцтармактарда колдонуучулардын бири аталган ооруканада бейтаптар толуп калганын жазып чыккан эле.