Гурбангулы Бердимухамедов Садыр Жапаровду Түркмөнстанга конокко чакырды
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередов менен кыскача сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентинин кызматына кириши менен куттуктады.
Куттуктоодо Кыргызстан менен Түркмөнстанды кылымдарды карыткан достук, боордоштук жана жакшы коңшулук байланыштырып тургандыгы, учурдагы эки өлкө ортосундагы өз ара ишеним эки тараптуу кызматташтыктын конструктивдүү өнүгүшүнө бекем негиз болуп жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле, билдирүүдө ал кыргыз-түркмөн мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирген.
"Эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого кызыкдарлыгын билдирип, Бердимухамедов Садыр Жапаровду Түркмөнстанга ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды"- деп айтылат маалыматта.