Гүлбара Ишенапысова: "ТИМдин кызматкери коронавируска каршы эмделгенден кийин каза болду деген маалымат калп"
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров коронавируска каршы эмделгенден кийин каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, Бахтияр Шакировдун коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу маалымат атайын түзүлгөн электрондук базада катталган эмес.